"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде аскер кызматкерлери каршы-терши кагылышты

Соц.тармактарда бөлүшүү

Жол кырсыгы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 447 чакырымында катталды. 28-январда кечке жуук  УКМК Чек ара кызматынын №2053  аскер бөлүгүнүн прапоршиги Ш. К. А “Деву ланос” үлгүсүндөгү автоунаа менен батыштан чыгышты карай бара жатып, рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеде келе жаткан коргоо министрлигинин караштуу аскер бөлүгүнүн биринчи мота аткычтар бөлүмүнүн кенже сержанты А.Т.Тнын айдаган “Мердес Бенц 200 ” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Кырсыктан эки айдоочу жана бир жүргүнчү жарат алган. Учурда алар Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө дарыланууда.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version