Буга чейин Баткен жергесинде аш-тойлордо ар бир адамга төрттөн нан берилип келсе, эми бул салт көп жерлерде кыскарууда . Ал эми үйлөнүү тойдо куда сыйга 60-70 адам барса, бул сан 25-30 га чейин кыскарды. Айрым жерлерде куда тараптар өз алдынча сүйлөшүп, эки жашты келечегин түзүп берүү максатында мындай ашыкча чыгымдардын баарын кыскартты. Эң маанилүүсү бир жеңил авто унаа менен 3-4 адам барышып, сөйкө салуу аземин өткөрүүнү салтка айландырууда.
Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаров кол койгон “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлык 2022-жылдын 24-февралында президеттин расмий сайтына жарыяланган.
Президенттин ашыкча чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү жарлыгы элет жериндеги ысырапкерчиликти жоюуга өбөлгө түзүүдө.

сүрөттөр: интернеттен алынды