Баткенде 14-июнь Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнү белгиленди. Бул иш чарада КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев сөз сүйлөп, “донорлор өмүр сакчылары, анткени сиздер канчалаган бейтаптардын өмүрүн сактоого салым кошуп жатасыздар. Жашоодо адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Кан тапшыруу – бул тилектештик” деп белгилеп, бир катар донорлорго сыйлыктарды тапшырды.

Иш чаранын жүрүшүндө 30 жолудан ашык кан тапшырган жарандар “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” наамына татыктуу болуп, төш белги менен сыйланышты. Ошону менен катар кан донорлорун уюштурууда жана кан запасын толуктоого зор салым кошкон жарандар жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгеги бааланды.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда бул көрсөткүч өтө төмөн. Өлкөдө азыр 5000ге чукул ардактуу донор бар.
14-июнда дүйнө жүзүндө кан донорлорунун күнү белгиленет. Бул күнү Австриялык иммунолог дарыгер Карл Ландштейнер туулган. Ал адамдын канын топторго бөлүштүргөндүгү үчүн 1930-жылы Нобель сыйлыгын алган.