"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде “Акысыз юридикалык жардам” акциясы өтөт

Соц.тармактарда бөлүшүү

КР Конституция күнүнө карата

 “Акысыз юридикалык жардам” акциясы өтөт

 2024-жылдын 6-май күнү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата атуулдардын укуктарын коргоо мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында “Акысыз юридикалык жардам” көрсөтүү боюнча укуктук маалыматтык акциясы өткөрүлөт.

Укуктук маалыматтык акциясы тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн тактап айтканда социалдык коргоо, кадастр, салык, соцфонд, калкты тейлөө борборунун, нотариустардын жана адвокаттардын катышуусунда өтөт.

Иш чаранын негизги максаты – калктын аярлуу катмарынын укуктук жактан корголуусун жакшыртуу, сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүнө көмөктөшүү жана укуктук маданиятын жогорулатуу болуп саналат.

Акцияга келип чечилбей жаткан укуктук маселериңиз болсо чечүүнүн жол жоболору тууралуу кеп-кеңеш алып кетсеңиз болот.

Иш чара Баткен облусунун Баткен шаарындагы борбордук «Айдарали» базарынын күн Батыш тарабында, Кадамжай районунда Кадамжай шаарынын борбордук автобекетинде жана Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Самат Садыков атындагы борбордук сейил багында өткөрүлөт.

Акция КР Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын жетекчилиги тарабынан уюштурулат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version