Баткенде 55 жаштагы киши тойдон келаткан таанышын атып, кийин өзүнө кол салганын Лейлек райондук милиция кабарлады
Каргаша 21-августта Баткендин Лейлек районунда болду. Милициянын маалыматы боюнча, 51 жаштагы киши аялы менен тойдон келе жатканда таанышы токтотуп, мурдагы келишпестиктерин эстеп, көкүрөккө эки жолу аткан.
55 жаштагы шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Андан кийин жайытка барып өз өмүрүнө кол салган. Аталган факты боюнча (“Адам өлтүрүү”) беренеси менен иш козголуп, милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө.