Баткен облусу БУУ жана КОЙКА менен 50 млн доллар болгон долбоорду ишке ашырууда.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин өкүлү Ён-Вуг Чой мырзаны жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын өкүлү Джихеа Ким айымды кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой аталган уюмдар менен Баткен облусунун ортосунда “Баткен облусунун климатка туруктуу айыл чарбасы үчүн жергиликтүү аракеттер жана маалыматка негизделген суу ресурстарын комплекстүү башкаруу” долбоору ишке ашууда.
Буга чейин долбоордун концепциясы жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан.
Беш жылда ишке ашыруу пландалган долбоордун баасы 50млн АКШ долларын түзөт.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө, “биз Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы жана Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз. Сиздер менен кызматташуу маселелерин талкуулоого дайыма ынтызарбыз. Бул долбоор биз үчүн өтө маанилүү. Анткени Баткен агрардык аймак. Ошондуктан суу биздин негизги байлыгыбыз, сууну мезгил талабына жараша пайдалануу абдан маанилүү” деп белгилеп, аталган долбоор келечекте кызматташуубузду бекемдеп, жемишин берет деген ишеничин билдирди.
Тараптар жолугушууда, алдыда пландалган сууну туура бөлүштүрүү менен максаттуу пайдалануу аракеттери, климаттын жылуулануу тенденциясынан улам, кургакчылыктын кесепети болгон сугат суунун олуттуу тартыштыгын алдын алууда зор өбөлгө болот деп белгилешти.
Бул күнү аталган уюмдун өкүлдөрүнүн, жергиликтүү айыл чарба жана суу чарба тармагынын тийиштүү адистери менен да жумушчу жолугушуусу уюштурулду. Анда Баткен облусунун адистери аймактын сугат суу потенциалы боюнча баяндама жасап, тараптар долбоордун ийгиликтүү болуусу үчүн маанилүү болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Белгилей кетсек, «Жашыл Климат» фондунун алкагында ишке ашуучу долбоор уюмдардын биргелешкен аракети менен жасалууда.
Долбоорго Баткен,Кадамжай жана Лейлек районунун бир катар айыл өкмөттөрү пилоттук негизде тандалган. Долбоордун алкагында аталган аймактарда суу таңкыстык көйгөйүн жеңилдетүү маселелерине көңүл бурулат. Сууну үнөмдүү пайдалануу, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу, суу жетпеген дың жерлерди өздөштүрүү каралууда.