"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде 2 жашар кыз катуу сабалып, комага түштү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Наристе облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 7-июнда түшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги кыз комада экенин, ИВЛ аппаратында жатканын айтты.

“Мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы деген диагноз коюлду. Абалы өтө оор деп бааланууда”, — деп билдирди министрлик.

Милиция кылмышка шектүү деп наристенин 40 жаштагы өгөй атасын кармады. Ал Бужум айлынын тургуну экени, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version