Мындай маалыматты Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы таратты.
Бүгүн 7-июнда Баткен районунун акимми Учкунбек Жоробаев “Алмалы Майнинг” жана “Архап Голд” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчылары, аталган айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.

Бул жолугушууда жергиликтүү калкка “Алмалы Майнинг”, “Архап голд” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү боюнча кенен маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске сала кетсек кен казуучу Самаркандек жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн аймагынан 12996 гектар аянттан чалгындоо иштери жүрөт.
Эл менен болгон жолугушууда аким Учкунбек Жоробаев аймактын анын ичинде айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө, социалдык муктаждыктарын чечүүгө, калкты жумуш менен камсыз кылууга өбөлгө түзүүчү кен казуучуларга тоскоолдуктарды жаратпоого кеңири токтолду.
Жыйынтыгында жергиликтүү тургундар жагымдуу жаңылыкты туура кабыл алышып, ак баталарын беришти.