"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

БАТКЕН ШААРЫНДА ТАЗА СУУ ҮЧ КҮНГӨ ТОКТОТУЛАТ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясы маалымат таратты.  Маалыматтарга таянсак  2024-жылдын  24-25-26-июнь күндөрү Баткен шаарынын таза-суу муниципалдык ишканасы суу топтоочу кампаларды тазалоо жана шаар ичиндеги суу түтүктөрдү оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн убактылуу таза сууну токтотот.
“Бул аракет калкты таза суу менен камсыз кылууда мүчүлүштүктөргө жол бербөө жана суунун тазалыгын камсыздоо  максатында  жүргүзүлүп жатат. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан жана конокторунан кечирим сурайбыз”-деп айтылат мааалыматта


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version