ӨКМ билдиргендей бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында жайгашкан “Мега” соода түйүнүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат таңкы саат 06:04тө түшкөн. Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде ИИМ жана Тез жардам кызматы да жумуш алып барууда.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн адам өмүрүнө коркунуч келген жок.
Саат 08:19да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 09:10 до толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.
