Октябрь айынын биринчи дүйшөмбүсү 7-октябрь “Эл аралык дарыгерлердин” кесиптик майрамына карата Баткен облустук биргелешкен оорукананын дарыгерлерин Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфкан Тулаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалиев, дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктоо сөз айтып алдыңкы кызматкерлерге Ардак грамота, Алкыш барактарын тапшырышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун атынан мэриянын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалиев Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө, элдин саламаттыгына, руханий жактан бакубаттуулугуна кошкон зор эмгеги жана кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен ийгиликтери үчүн саламаттык сактоо кызматкерлерине Баткен шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.
Баткен облусттук биргелешкен ооруканасынын Травматология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Икрамидин Зулпукаров, Баткен облусттук биргелешкен
ооруканасынын Жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Алишер Орозалиев жана Баткен облусттук биргелешкен ооруканасынын Хирургия бөлүмүнүн хирург дарыгери Таалайбек Сооровдор сыйланышты.