"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен районунда сугат суу көйгөйү чечилет

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун аймагындагы сугат суу тартыш айылдарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо максатында, жалпы 15 тике суу кудугунун курулуш иштери жүрдү.
Анын ичинен бүгүнкү күнгө 8и пайдаланууга берилди, 5 тике суу кудугу даяр, 1-июлга пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Ал эми 2 обьектте дагы казуу иштери жүрөт.
Тактап айтканда, Самаркандек айыл аймагында 7, Ак-Татыр айыл аймагында 3, Кара-Булак айыл аймагында 2, Кара-Бак айыл аймагында 1, Ак-Сай айыл аймагында 2 тике суу кудугу казылды.
Бул обьекттер үчүн 2023-жылы мамлекеттик бюджеттен, облусту өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 68млн сом каржыланды.
Белгилей кетсек аталган аймактарга биринчи кезекте сугат каналдары аркылуу суу берилет. Суу таңкыс болгон учурларда тике суу кудуктары пайдаланылат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version