Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” №521-жарлыгынын негизинде, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин 2024-жылдын 18-ноябрындагы буйругу менен
1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы – Астанакулов Сагынбек Каныбекович
2.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы – Сабиров Алимбек Ибрахимович
3.Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы-Тилеков Искендербек Каттабекович
4.Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы – Мергенов Келдибек Бурканович
5. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы -Маканов Данияр Галбаевич
6.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы-Кожомбердиев Алисуфян Кожомбердиевич
7.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы- Эркебаев Ашырали Анарбаевичтер дайындалды.
Жаңыдан дайындалган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын район акими Учкунбек Жоробаев жана орун басарлары эмгек жамаатына тааныштырып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалашты.
