"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен облусунун 25 жыдыгы чоң салтанат менен белгиленет

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусуна 25 жыл. Мааракеге карата аймакта эмне иш чаралар өтөт?
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата,
12-октябрда саат 9:30да “Апаз Жайнаков”атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдында ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө жарманкеси башталат.
Саат 10:30да “Баткендин өнүгүүсү-өлкөнүн өнүгүүсү” аталышында Эл аралык инвестициялык форум өтөт.
13-октябрда 9:30да А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын имаратынан алдында Баткен облусунун аймагындагы жогорку окуу жайларынын жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө өтөт.
10:00дө А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Илимий-практикалык конференция башталат.
10:00дө Баткен шаарындагы борбордук стадиондо Улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча мелдеш башталат. Баш байге автоунаа.
15:00дө борбордук стадиондо боз үйлөрдүн, улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак аш көргөзмөсү өтөт.
17:00дө борбордук стадиондо майрамдын салтанаттуу бөлүгү башталат.
Анын алкагында,
-театрлаштырылган көрүнүш
– жетекчилердин расмий куттуктоосу
– кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы гала концерт
-майрамдык салют болот.
14-октябрда Баткен облусунун 25 жылдыгына 25 обьекттин ачылуу аземи жер жерлерде өтөт.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version