"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

 “Баткен облусунда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 354ге жетти”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Тынчтыкбек Маматаип уулу, Баткен облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун диспансердик бөлүмүнүн терапевт-дарыгери:

 “Баткен облусунда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 354ге жетти”

 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү жыл сайын бардык өлкөлөрдө белгиленип келет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №1172 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 14-ноябрындагы №304-б буйруктарынын негизинде Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн, АИВ-инфекциясынын таркалышынын алдын алууга багытталган иш-чаралар облустун бардык аймактарында өткөрүлүп жатат.

Учурда Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү өз актуалдуулугун сактап, миллиондогон адамдарды бириктирип адамдарга жана өкмөттөргө АИВ ооруусу али бүтө электигин, дагы бир жолу адамдын иммундук жетишсиздик вирусун жуктуруп алуудан эч ким коопсуз эмес экенин эскертет. АИВ илдетинин адамдардын жашоосуна тийгизген таасири жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, стигманы жана басмырлоону жоюу жана АИВ жуккан адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн СПИДке каршы күрөшүү системасына кошумча финансылык ресурстарды тартуу маселеси мурдагыдай эле өтө маанилүү бойдон калууда. Бул илдет менен күрөшүүгө көп каражат жумшалганына карабастан, Кырыгзстанда АИВ илдетине чалдыккандардын саны дээрлик азайган жок. Дүйнөлүк коомчулук өзүнүн алдына АИВ-инфекциясын жуктуруунун жаңы учурларынын санын азайтууга, СПИДден өлүмгө учуроону азайтууга жана акырында АИВ-инфекциясынын дүйнөдө таралышын токтотууга багытталган бир катар глобалдуу максаттарды жана милдеттерди коет.

Азыркы күндөрдө Баткен облусунда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 354ге жетти, алардын ичинен 83 каза болсо, 31и СПИД оорусунан каза болгондор. Адистердин айтыймында, ВИЧке чалдыккандардын көп пайызы бул илдетти жыныстык жол аркылуу жугузгандар болуп саналат. Мындан тышкары, кош бойлуу аялдардын да бул илдетке кабылуусу чоң көйгөйдү жаратып жатат. Учурда көптөгөн адамдар миграцияга чыгышып, ВИЧ инфекциясын чет өлкөлөрдөн жуктуруп алышууда, же тескерисинче ВИЧ инфекциясы менен башка өлкөгө барып, ал жакта иштеп жаткандарга зыян келтирүүлөр аз эмес. Өкүнүчтүүсү эмгекке жарактуу жарандарыбыздын арасында ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын көптүгү болууда.

Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар калктын АИВ-инфекциясы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана анын негизинде АИВ-инфекциясынын таралышын токтотууга багытталган. Калктын бул ооруу тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу менен АИВ-инфекциясы менен күрөшүүдө ийгиликке жетүүгө болот!

Баткен облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун адистери ВИЧ/СПИД илдеттеринин андан ары жайылышын токтотуу үчүн жугуштуу оорулардын алдын алуу иштерине мүмкүн болушунча күч-аракет жумшоо менен АИВге экспресс-тестирлөөнү уюштуруп, билим берүү мекемелеринде жана эмгек жамааттарында видеороликтерди, акцияларды, семинарларды интерактивдүү иш-чараларды өткөрүп келишет. Мындан тышкары жумуш орундарында АИВ-инфекциясына карата ыктыярдуу жана конфиденциалдуу консультациялар жана ошондой эле иштеп жаткан калкты жашыруун тестирлөөнү өткөрүп жатышат. АИВ-инфекциясынын маселелери боюнча жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, калктын негизги топторунда АИВ-инфекциясын алдын алуу, калкты АИВ-инфекциясына медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү көбөйтүү максатында Кыргыз-Оруссия Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде мобилдик бригаданын кызматкерлери акысыз гепатит “В”, “С”, ВИЧ жана сифилиске кан алынып, 15-20 минутанын ичинде экспресс тесттер менен аныкталып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми, 2024-жылдын июль, август айларында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин 25.05.2024-жылдагы №553 “Кыргыз Республикасында В, С вирустук гепатиттеринин жана АИВдин таркалышынына жана жугуу тобокелдик факторлоруна популяциялык серологиялык изилдөө жүргүзүү жөнүндө” буйругуна ылайык Республикалык КЖВГжАИВК борборунун жетектөөсү астында Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун тандалган айылдардын үй чарбаларынын 5 жаштан жогорку балдар арасында (5-17) жана 18 жаштан жогорку курактагы жарандар арасында “В”, “С” вирустук гепатитти жана АИВ маркерлерине изилдөөлөрдү жүргүзүштү. АИВ-инфекциясын дарылоону лабораториялык тастыктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында облустук СПИД борборунда заманбап лабораториялык методдор колдонулат. Ал эми, АИВ илдети менен ооруган ооруулулар үчүн Антиретровирустук препараттарды алуу СПИД борборунда да, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда да уюштурулган. Бул жүргүзүлүп жаткан бардык иш аракеттер ВИЧ/СПИД илдетин азайтууга жана алдын алууга чоң өбөлгө болуп саналат.

АИВ-инфекциясынын эпидемиясы саламаттык сактоо, өнүгүү жана адам укуктарын, социалдык чөйрөнү козгогон олуттуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Ошондуктан, калкты АИВ илдетинин кооптуулугу жөнүндө маалымдоого жана жуктуруу тобокелдигинин деңгээлин төмөндөтүүнү алдын алуу иштерин ар кандай министрликтер, диний өкүлчүлүктөр, билим берүү мекемелери, социалдык багыттагы коммерциялык эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырылары жалпыбызга белгилүү. Жарандык коом ВИЧ / СПИД илдетин токтотууда чечүүчү ролду ойнойт.

Урматтуу калкым! Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата аймактарда өткөрүлүп жаткан акцияларды колдоп активдүү катышып АИВ илдети боюнча элдерге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. ВИЧ / СПИД көйгөйүн дагы бир жолу эскертип, өзүңүзгө суроо бериңиз: Мен ВИЧ көйгөйү жөнүндө баарын билемби, мен жана менин жакындарым ооруп калбашы үчүн эмне кылышым керек? ВИЧ-инфекциясын үзгүлтүксүз текшерип туруу эмне үчүн маанилүү? – деген суроолорду эске алып, ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын ден-соолугу үчүн ВИЧке каршы антителолордун бар-жогун өз ыктыяры менен текшерип туруусу керек. ВИЧке тестти жашыруун турдө, акысыз, Сиз жашаган жердеги каалаган саламаттык сактоо мекемесинде жана Баткен облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунда тапшырсаңыз болот. Сиздин анализдин жыйынтыгы ал жерде сыр сакталат. Андыктан ойлонбой, коркпостон барып, ВИЧ инфекциясына үзгүлтүксүз текшерилип туруңуздар.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version