"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен облусунда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн өлкөнү санариптештирүү программасынын алкагында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты менен БУУнун өнүктүрүү программасынын кызматташуусунун натыйжасында облустагы муниципалдык ишканаларга техникалар тапшырылды.
Иш чарага катышкан КРнын Презиентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, “БУУнун техникалык колдоосу, санариптештирүүнү илгерилетүүгө жана кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга жардам берет” деген ишеничин билдирди.
Бүгүнкү күндө аймакта санарип системалар ишке киргизилип, алгачкы оң натыйжаларын көрсөтүп баштады. Иш чаранын жүрүшүндө Раззаков шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын “билинг” системасын ишке ашыруудагы тажрыйбасы, натыйжалары тууралуу маалымат берилди.
Белгилей кетсек, акыркы учурда “биллинг” системасы сыяктуу санариптик чечимдер өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Алар жарандардан төлөмдөрдү жыйноону жакшыртып, иштин ачыктыгын камсыздап, калктын ишенимин арттырууда.
Учурда долбоор 2 шаар, 5 айыл аймагында ишке ашырылууда. Аларда таштанды чыгаруу, ичүүчү суу, сугат суу жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алууда электрондук ыкмаларды колдонуу колго алынууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version