"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен облусунда кызамык, кызылчага каршы эмдөө кызуу жүрүп жатат

䐀漀挀琀漀爀 最椀瘀椀渀最 愀 挀栀椀氀搀 愀渀 椀渀琀爀愀洀甀猀挀甀氀愀爀 椀渀樀攀挀琀椀漀渀 椀渀 愀爀洀Ⰰ 猀栀愀氀氀漀眀 䐀伀䘀

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 13- июндан тартып КЫЗАМЫК ЖАНА КЫЗЫЛЧА оорусуна каршы эмдөө башталган.
Участкалык мед айымдардын чакыруусу менен ата энелердин эмдөөгө келиши активдүү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Учурда республиканын аймагында оорунун очогун аныктоо, андан ары жайылышын алдын алуу боюнча жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетчү нерсе, кызамыктын атайын дарылоосу жок, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга болот. Эмдөө кызамыктын жайылышын алдын алуунун жана калктын саламаттыгын сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири.

Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда кызамык, кызылчага каршы эмдөө кызуу жүрүп жатат

Аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, ФАПтарда кызамык жана кызылчага каршы эмдөө жүрүп жатат. Кампания учурунда санэпид көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери бардык эмдөө пунктарына барып, келген ата-энелерге жугуштуу оорулар боюнча, эмдөө менен башкарыла турган ооруулар анын ичинен кызамык, кызылча илдетинин кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Андан тышкары ҮДТнун дарыгерлерине, эмдөө медайымдарына кампаниянын талаптары жана камтылган балдардын жаш курактары боюнча маалыматтык сабактар өткөрүлүүдө.

Сиз да кампанияга активдүү катышып, балаңыздын ден соолугуна кам көрүңүз!

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.
Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен социалдык бакубаттуулукка да салым кошот.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version