"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен облусунда 5 мектеп модернизацияланат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылаган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында 2024-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Сары-Алтын айылындагы Сары-Алтын мектебинин жаңы имараттарынын курулушу жүрүүдɵ.
Жаңы курулган мектеп жер титирөөлөргө туруштук берет жана электр энергиясын үнөмдүү сарптайт. Жаңы имараттар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар менен курулуп, санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.
Мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан. Тандоонун негизги талаптарынын ичинен тилкенин сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.
Сары-Алтын мектеби тууралуу маалымат:
Мектеп имараты Баткен облусунун Кадамжай районунун Сары-Алтын айылында Өзбекстан менен мамлекеттик чек арадан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Имарат 1987-жылы курулуп, алгач дүкөн катары колдонулган. 2001-жылы мектеп катары колдонууга берилген. Мектептин эски имаратынын долбоордук кубаттуулугу 140 окуучу орунга эсептелип, анда учурда 553 бала билим алууда.
Сары-Алтын мектебинин окуучулары 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта курулуш иштерине байланыштуу жакын аралыкта жайгашкан А. Орозбеков атындагы жана №25 “Айрыбаз” мектептеринде убактылуу кɵчүрүлүп билим алып жатышат.
Жаңы имараттын аянты 2642,41м2 түзөт. Эки кабаттуу имарат 275 окуучуга ылайыкталган. Бир окуучуга 9,6 м2 каралган. Анда 16 окуу кабинети, 10 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар, лифт жана желдетүү системасы отнотулат.
Сары-Алтын мектебиндеги курулуш иштеринин прогресси тууралуу маалымат:
А блогунда экинчи кабаттын дубалдарын көтөрүү иштери аяктап, чатырды орнотуу боюнча иш-чаралар башталды. Ушул эле блокто электр зымдарын орнотуу жигердүү жүргүзүлүп жатат, бул андан аркы ишти улантуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Ошол эле учурда Б блогунун биринчи кабатын жабуу иштери улантылууда.
Курулуш иштери 2024-жылдын август айынын аягында башталып, коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүүдө. Курулушту «Сантехмонтаж» ЖЧК жүргүзүүдө.
2025-жылы Баткен облусунда дагы 2 мектептин курулушу башталмакчы.
У.Исаков атындагы мектеп жана №55 “Достук” мектептеринин жаңы имараттарын курулушун баштоо алдындагы иш-аракеттер:
19-февралда “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун өкүлдөрү “ЭААС” компаниясы менен биргеликте аталган мектептерге барып, технико-экономикалык негиздеменин долбоорлорун мектеп жана ата-энелер комитеттери, ошондой эле жергиликтүү калк менен талкуулоо ɵттү.
У.Исаков атындагы мектеп Кадамжай районунун Исфайрам айылында, №55 – “Достук” мектеби Кадамжай районунун Көк-Тал айылында жайгашкан.
Белгилей кетсек, бул талкуулар долбоордук документтерди кабыл алуу процессиндеги маанилүү этап болуп саналат. Технико-экономикалык негиздеменин алкагында мектеп имаратына комплекстүү баа жүргүзүлɵт, анын негизинде жаңы курулуш же реконструкциялоо жөнүндө чечим кабыл алынат. Бул этапта мектептин дизайны түзүлөт, негизги бөлүктөрү иштелип чыгат, имараттын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелуу кɵрсɵткүчтɵр эсептелинип жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жүргүзүлөт.
ERIK долбоорунун командасы кызыкдар тараптар менен технико-экономикалык негиздеменин долбоорлорун талкуулоо менен бирге ар бир катышуучулардын ой-пикирлери жана сунуштары маанилүү деп эсептейт.
ТЭН кызыкдар тараптар менен макулдашылгандан кийин долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) иштеп чыгуу башталат. Андан кийин ДСДны тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу процесси бардык керектүү талаптарга жана стандарттарга толук шайкештигин камсыз кылуу үчүн башталат. Бардык макулдашуу документтери алынгандан кийин курулуш компаниясын конкурстук тандоо башталат, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү подрядтык уюмун тандоого мүмкүнчүлүк берет.
Долбоордун алкагында Баткен облусунда 5 мектеп катышууда: Сары-Алтын мектеби, У.Исаков атындагы мектеби, А.П.Гайдар атындагы мектеби (Кызыл-Кыя ш.), №22 «Достук» мектеби, № 31 Б.Алыкулов атындагы мектеби.
Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version