"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен облусу менен Юнисеф уюмунун алдыдагы кызматташтыгы талкууланды

Соц.тармактарда бөлүшүү

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Юнисеф уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолукту.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен үчүн маанилүү өнөктөш болгон ЮНИСЕФ менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң маани берээрин белгиледи. Ошондой эле облустун саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар жолугушууда Баткен облусунда жаңы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Алар, “Эрте балдарды өнүктүрүү” долбоорун улантуу, балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн кошумча ийримдерди,маданий иш-чараларды уюштуруу, балдардын эмгек көндүмдөрүн калыптандыруу максатында орто окуу жайларында эмгек сабагын уюштуруу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ийримдерди, эмгек класстарын түзүү, «Жашыл мурас» Улуттук программасынын алкагында облустун орто билим берүү мекемелеринин студенттери үчүн ийне жалбырактуу жана мөмөлүү бак дарактарды отургузуу боюнча долбоорду ишке ашыруу, аларга кам көрүүгө үйрөтүү.
Жетекчилер кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына жана кеңейишине зор ишеничин билдиришти.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version