"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

БАТКЕН: ОБЛУС АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 983 ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗУУ ФАКТЫСЫ КАТТАЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусунун аймагында бир жума ичинде 983 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 20-майынан тартып, 26-майына чейин 983 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-23;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -22;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 166;
Мыйзамсыз терезелерин карангылатып алган(тонировка)-4;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 768;
-Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 68 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version