"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен: Борбордук стадионду оңдөп-түзөөдөн өткөрүү үчүн «Евразия» уюму акча бөлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

«Евразия» уюму Баткен облусунун 25 жылдыгына карата мектептин жана стадиондун ремонтун каржылоо үчүн сертификаттарды тапшырды.
Аталган уюмдун колдоосу менен Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев №1 атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы имаратын куруу пландалууда. Эски эки кабаттуу имаратта 30дан ашык окуу кабинеттери, устакана, информатика кабинети, актовый жана спорт залдары, ашкана, китепкана оңдолот.
Ошондой эле, жанаша турган 1 гектар аянт да көрктөндүрүлүп, Раззаков шаарында борбордук стадион жана спорт залы бүткөрүлөт. Стадион 2 гектар аянтты ээлейт жана 400 м узундуктагы чуркоо аянтчасын, волейбол аянтчасын, чоң футбол аянтчасын, узундукка секирүү аянтчасын жана 1800 көрүүчүгө ылайыкталган трибунаны камтыйт.
Сертификаттарды «Евразия» АНОнун башчысы жана РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова, кечээ 13-октябрда Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 25 жылдыгына карата уюштурулган илимий конференцияда, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге тапшырды.
Эске салсак, сентябрдын башында «Евразия» уюму менен Кыргыз Өкмөтүнүн кызматташуу келишимине кол коюшуп, анын алкагында республика салттуу баалуулуктар платформасына кошулган.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version