"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“Баткен” бажысы өткөн жылда мамлекетке 930 млн. 374 миң 100 сом киреше түшүрдү”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Майсалбек Мамытов, «Баткен» бажысынын башчысы, бажы кызматынын полковниги:

“Баткен” бажысы өткөн жылда мамлекетке 930 млн. 374 миң 100 сом киреше түшүрдү”

“Баткен” бажысы тарабынан контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмү жана бажылык териштирүү сектору тарабынан өткөн жылы жалпы 335 бажы эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Анын ичинен 246 фактысы боюнча бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуу иштери каралган. Тактап айтканда, 230 укук бузуулар жеке жактар, 7өөсү юридикалык жактар болгон.

 

25 миң сом өндүрүлгөн. Укук бузуу иштери боюнча жалпысынан 4 млн. 152 миң 947 сом өлчөмүндөгү тиешелүү бажылык төлөмдөр төлөнгөн.

Укук бузуу жана кылмыш иштеринин алкагында 22 автоунаа 5 000 000 сомдон жогорку товарлар, сот органдары тарабынан контрабандалык предмет катары табылып, мамлекеттин эсебине конфискацияланган. Ошондой эле укук бузуу иштери боюнча каралган фактылардын алкагында сот жана тийиштүү органдардын жардамы менен 3 000 000 сомдон жогору товарлар жок кылынды.

Андан сырткары, 89 факты боюнча “Баткен” бажысынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине № 02-856-2022-000001-000089 сандуу материал катталып, тергөөнүн караштуулугу боюнча Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана козголгон кылмыш иштеринин натыйжасында, 721 463 сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду. Эскерте кетсек, укук бузуулар иштери менен кылмыш иштери боюнча жалпы кармалган жүктөрдүн базар баасы 65 млн. 228 миң 939 сомду түзгөн.

“Баткен ” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерине каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана бажылык териштирүү секторунун 2023-2024-жылдардагы 12 ай ичиндеги аткарган жумуштарынын салыштырмалуу анализине токтолсок, 2023-жылы жалпы аныкталган фактылар 12 айда 217 факты катталса, 2024-жылы бул көрсөткүч 335ке жетип, 154 пайызды түзгөн. Жалпы укук бузуу иштеринин ичинен жеке жактар боюнча 2023-жылы 118 факты катталса, бул көрсөткүч 2024-жылда 239га жетип, 127 пайызды түзөт. Юридикалык жактар болсо, 2023-жылы 17 факты катталса, 2024-жылы 10 фактыга азайып, 7 факты катталган.

Салынган айып пулдарга токтолсок, 2023-жылы 5 101 500 сом болсо, бул көрсөткүч 2024-жылы 7 045 500 сом жетип, 138 пайызга өскөн. Өндүрүлгөн айып пул 2023-жылы 5 041 500 сом болсо, өндүрүлгөнү 6 425 000 сом же 127 пайызды түзгөн. Өндүрүлгөн бажы төлөмдөрү 2023жылы 3 924 805 сом болсо, 2024-жылы 4 152 947 сомго жетип, 105 пайызды түзгөн.

2023-жылы “Баткен” бажысынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган фактыларына кайрылсак, 2023-жылы 12, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 89га жетип, 741 пайызга өскөн. Ал эми козголгон кылмыш иштеринен өндүрүлгөн төлөмдөр жөнүндө айтсак, 2023-жылы 3 565 597 сом болсо, 2024-жылы 721 463 сомду түзүп, -20 пайыздык көрсөткүч болгон. Ошентип, жалпы төлөмдөр 2023-жылдын 12 айында 12 531 902 сом болсо, 2024-жылы 11 299 410 сомду түзүп, -90 пайыз болгон.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version