"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Бала бакчадагы тамак-ашты ата-энелер камсыздабайт. ЖК тиешелүү мыйзамды кабыл алды.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бала бакчадагы балдардын тамагы үчүн ата-энелерди гана акча төлөтүү нормасы жокко чыгарылды. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзамды кабыл алды.

Былтыр август айында «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынып, анда ата-энелер бала бакчадагы балдарынын тамактануусу үчүн өздөрү гана акча төлөйт деген норма киргизилген. Бул тууралуу коомчулукка белгилүү болгондон кийин, ал элдин нааразылыгын туудурган. Ага байланыштуу депутаттардун тобу аталган норманы алып салуу үчүн тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап чыккан.

Эми балдардын тамагы үчүн мурдагыдай эле акчанын жарымын ата-энелер, жарымын мамлекет төлөйт.

Мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version