"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баатырлардын баатыр энеси

Соц.тармактарда бөлүшүү

Мамытова Минавархан Тогоновна 40 жылга жакын медицина тармагында эмгектенген айым. Болгондо да чыр чатактын чордону болгон Төрт-Көчөдөн анча алыс эмес Ак-Татыр айылында агарып-көгөргөн элеттик эженин жашоо турмушу чын эле башкаларга өрнөк. Өмүрлүк жолдошу Абдимиталип Мамытов менен баш кошкондон бери бүлөсүн бактылуу үй-бүлөгө айланткан Минавархан эжени айылда киндик эне деп да коюшат. Кичи пейил мүнөзүнө жараша кесиби да өзүнө төп келген дарыгер эже айылдагы канчалаган айылдаштарынын өмүрүнө-өмүр кошуп, кандай оор абалдардан куткарып калган.  

Абдимиталип аба менен баш кошкондон бери 40 жыл аралыгында 4 перзентүү болушту. 2 уул 2 кызды эрезеге жеткирген бактылуу жубайлар азыр ардактуу эс алууда. Улуу уулу Алмазбек Мамытов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы Самаркандек айылында №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүндө эмгектенсе, кичүү уулу Орто-Боз чек ара тозотунда фельдшердик кызматын өтөөчү. Эне эки уулум эки неберем мекен чебин кайтарган баатырлар деп калчу. Ошол баатыр уулу Нургазысы чек ара кызматында фельдшер болчу. 16-сетябрдагы тажик аскелеринин капысынан кол салуусунда жоокерлердин өмүрүн сактап жатып, өз өмүрүн баатырларча курмандыкка чалды. Айтмакчы, эки небереси Темирлан Мамытов менен Нуржан Сапаров дагы аскер кызматкерлери. Бири Тамдык чек ара тозотунда түнү-күнү эл четинде жүрсө, экинчиси Орто-Боз чек ара тозотунда күжүрмөн милдетин аткарууда.

Эне деген эне да, биз чек арада төрөлүп, чек арада жашаган эне менен көп сүйлөштүк. “Эки уулум, эки неберем мекен үчүн күжүрмөн кызматта жүрүштү эле. Бирөөсүнөн минтип айрылып калдым. Кандай гана жаңжалдар болбоду. Адам өмүрү кыйылган атышууларда менин балдарым алдыңкы сапта жүрүшөт. Мылтыктын үнү угулса жүрөгүм зыркырай түшөт. Эл качса да мен качпай, балдарымды өмүрүн тилеп үйдө болобуз. Биз коргобосок ким коргомок. Чакан Ак-Татырыбызды мисир тутуп, бираз айылыбыздан алыстап кетсек сагынып калабыз. Өз үйүң-өлөң төшөк деген ушуда. Кимдир бирөөлөргө комсоо көрүнгөнү менен Ак-Татырым бейишим деп коем”- дейт эже.

Пайгамбар жашына чыккан Минавархан эже айылдын табылгыс дарыгери. Эс алууга чыкса да түнү-күнү сыркоологон айылдаштары жардам сурап келет. Өзгөчө жаш энелер наристелерин ыйлатып келгенде канча ирэт жардам берип, энелик мээрими менен кошо дарттарына дабагер болгон.

Оо, анда жаш кездери болчу. Өмүрлүк жолдошу Абдимиталип аба менен машинеге түшүп алып, эл кыдырып алыскы малчылардын да ден соолугуна көз салчу. Иштесе ишке тойбой өткъргөн бул жаштыгында төрт перзентүү болобуз деп кыялданышчуу экен. Кудайым жакшылардын тилегин берип, азыр ошол өстүргөн төрт перзентттин убайын көрүп жатышканда бүгүн минтип, Нургазысынан айрылып калды.

Кезегинде эл аралап, кадыр тапкан Минавархан эже айылдык кеңештин депутаты да болгон. Улуу кичүү урматтаган эже элдин көйгөйүн да чечип, көптөгөн жолугушууларда топ жарып сүйлөгөн лидерлик жайы да бар.

Бир үйдөн өскөн төрт жигит акыркы он жылга чукулдан бери Ак-Сай аймагында мекен үчүн кызмат кылып келди эле. Канча ирет чек арада чыккан жаңжалдарга байланыштуу айгайлар (тревога) болгондо балдар ар дайым ата-энесин жоонтуп, бизде баары жакшы тынчтык деп коюшат. Эненин жүрөгү мындайда баарын сезет. Уктабай таңды атырган далай күндөр өттү. Балдарына токоч жасап, ырым кылып кудайдан өмүрүн тилеген эне атага караганда көбүрөөк кабатырланат. Жол карап күн кеч кирсе, түн күзөтүп санаа тартып чыгат.

Биз элеттеги каарман эже менен коштошуп жолго чыктык. Дүйнөдө тынчтык болсун. Чек арабыз тезирээк эле чечилсе экен. Төрт көчөдөн өтөсүңөр кеч болуп кетти. Үйүңөргө аман-эсен жетип алгыла деп ак батасын берип узатып калды.

Жашоо токтобойт, улана берет. Төрт баатырды тарбиялаган баатыр эненин кайгысын Дордой ассоцияциясынын башчысы Аскар Салымбеков бөлүшүп, маркум Нургазы Мамытовдун 4 кызы менен жубайына Ош шаарынан 3 бөлмөлүү үй алып берди. Эненин көңүлү бир аз да болсо жай алып, элимдин пейлине Аскар Салымбековдой азаматтарына ыраазычылыгын айтып, бүтүрө албай турган чагы.

А.Акматов “Баткен таңы” гезити

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version