Бейшемби күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас жергесинде +16…+21, Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +13…+18 жана Нарын жергесинде +15…+20,борбор калаа Бишкекте +21…+23, Ошто +24…+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Баткенде +19…+24 градусту көрсөтөт.