"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Бүгүн өлкө боюнча 1-класска электрондук каттоо башталды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-2025-окуу жылына карата каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында 24 саат бою жүргүзүлөт.

▪️ I этап 8-апрелден 2-июнга чейин, расмий каттоодо турган жер боюнча жүрөт
▪️ II этапта, 3-июндан 30-августка чейин, бош орун болгон мектептерге катталса болот

Билим берүү министрлиги быйыл балдарды 1-класска кабыл алуу мурдагы эле тартип менен жүрөрүн билдирген. Онлайн каттоодо эмнени эске алуу керектигин бул жерден окуңуз.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version