"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Соц.тармактарда бөлүшүү

15-апрель,  күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы  Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +17…+22, Талас аймагында +15…+20, Бишкекте +19…+21, Ошто +20…+22, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Баткен өрөөнүндө +16…+21  градус жылуу болору болжолдонду.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version