"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Лейлекте азык түлүктөрдүн баасын туруктуу сактоо боюнча милдеттер коюлду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Лейлек районунда аким Канимет Осмонбековдун жетекчилиги менен азык – түлүктөрдүн баасын туруктуу сактоо боюнча жыйын өттү. Аким Канимет Бийзакович айыл чарба адистери, айыл өкмөттөрдүн башчылары менен биргеликте өткөргөн бул чукул жыйында дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн азыктарынын жарманкесин жума сайын өткөрүүнү тапшырды.


Ар бейшембиде өтүлүүчү жарманкеге эт, сүт азыктарынан башка картошка, сабиз, пияз, айтор, айыл өкмөттөрүнүн дыйкан фермерлери тарабынан өндүрүлгөн азыктарды калкка туруктуу баада сатуу жагын уюштурууну айыл чарба департаментине тапшырды.
Лейлекте эт азыктары уй эти – 550 сом, картошка – 50 сом, сабиз азыктары 25 сом экендигин эске алсак, облустун борбору Баткен шаарына салыштырмалуу эт дээрлик 100 сомго, картошка он сомго чейин арзан экендигинен кабардар болобуз.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version