"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“АТКЕЗЧИЛИККЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Абдикарим Алимбаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
“АТКЕЗЧИЛИККЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ”
Баткен облусунда аткезчиликтин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында координациялык кеңешме болуп өттү.
Жыйынга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, район, шаарлардын аким-мэрлери, облустук күч түзүмдөрүнүн, чек ара кызматынын, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Жыйында облус башчысы Абдикарим Алимбаев жыйындын катышуучуларына тиешелүү жетекчилердин башын бириктирген жумушчу топ түзүп, алар аткезчиликке каршы күрөш боюнча конкреттүү бир механизм иштеп чыгып, бардык ишти биргеликте мыйзамдуу жол менен алып баруу зарылдыгын белгиледи.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version