"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Аткезчилик менен соттолгон жаран кайрадан дагы кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2025-жылдын 2-февралында Худжанд-Канибадам автожолунан токтоп турган Мерседес-Бенц Спринтер унаасы текшерилген. Натыйжада, унаанын ичинде тиешелүү кагаздары жок турмуш тиричиликке керектелүүчү техникалар болгондугу аныкталды.
Унаа айдоочусу 1998-жылы туулган Сайпидин уулу Н жана жүктүн ээси 1988-жылы туулган Өмүрбек Баратов аткезчиликке шектелип кармалды.
Бул факты боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Ө. Баратов, 2024-жылдын ноябрь айында аткезчилик жүк (8тонна эт) менен кармалып, соттун чечими менен 2025- жылдын февраль айында 150000сом айып пул төлөп чыккан.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version