Өлкө башчысынын жарлыгы менен кабыл алынган 15-март Аталар күнүнө карата Сүлүктү шаарында “Аталар сөзү-акылдын көзү” аттуу иш чара болуп өттү. Аталардын коомдогу ордун баса белгилөө алардын акыл насааттарын муундарга таберик калтыруу максатында өткөрүлгөн иш чарага алтымыштан ашкан аксакалдар катышышты.
Өздөрүнүн баалуу насааттарын айткан аксакалдар чынында эле эки доордогу эки башка заманды көргөн инсандар эле. Аларга Баткен мамлекеттик университетинин студенттери сый урмат көрсөтүштү. Эки муундун өкүлдөрүнүн жолугушуусу кызыктуу жыйынтыкталды. Соңунда, Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Саттаркулова катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
