"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Аскер бөлүктө айкел ачылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

КР ИИМдин Ички аскерлердин 7707 аскер бөлүгүндө баатырларча курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине айкел ачылды.

2024-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүндө 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышууда күжүрмөн тапшырма аткарып жатып баатырларча курман болгон 7707 аскер бөлүктүн аскер кызматкерлери улук сержант Ачылбек Ташбеков, улук сержант Дурусбек Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков жана катардагы Айбек Абдилабековдун жаркын элесине арналган айкелди салтанаттуу түрдө ачуу жана баатырларды эскерүү иш чарасы болуп өттү.

Иш чара баатырлардын айкелин салтанаттуу ачып, гүл чамбарларды коюп, минуталык эскерүү менен башталды, иш чарага баатырлардын ата-энелери, бир туугандары, Ички аскерлердин ардагерлери жана атайын чакырылган коноктор катышышты.

Айкелди ачуунун максаты – баатырлардын көрсөткөн эрдиктерин данктоо, элесин түбөлүккө калтыруу.

Иш – чаранын жүрүшүндө, 7707 аскер бөлүктүн командири подполковник Улукбек Джумабаев өз сөзүндө “2022-жылдын 16-сентябрында күжүрмөн тапшырма аткарып жатып аскердик антына бек туруп, кан жанын аябастан баатырларча курман болгон аскер кызматкерлерибиздин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу жана сактоо максатында айкел ачып жатабыз, биздин куралдаштарыбыз, эч качан унутулбайт, көрсөткөн эрдиктери тарыхта калып, биз үчүн үлгү, алардын элеси түбөлүк биз менен” деп айтып өттү.

Иш чара баатырларча курман болгон аскер кызматкерлердин жаркын элесине арналып, куран окутуу менен аяктады.

 

Максат Сапаров, КР ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары капитан


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version