"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“АР БИР КӨЧӨТТҮН ӨНҮГҮШҮНӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Данир Иманалиев, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими
“АР БИР КӨЧӨТТҮН ӨНҮГҮШҮНӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ”
Мындай сөзүн Баткен районун акими Данир Иманалиев Бужум айылында пайдаланууга берилүү алдына турган мектепке жаңы арча көчөттөрүн отургузуу иш чарасында билдирди. Иш чарага район акими Данир Иманалиев баштаган мамлекеттик кызматкерлер жана бейөкмөт уюмдар,жергиликтүү тургундар катышты. Бул иш чара “ Жашыл-Мурас ” компаниясынын алкагында, жашылдандыруу максатында ишке ашырылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы жана ЕККУнун каржылоосунда 150 даана Тянь – Шань арчасы,170 даана Ак кайың көчөттөрү отургузулду.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version