Облустун аймагындагы бардык жалпы билим берүүчү мекемелеринде 2023-2024-окуу жылын жыйынтыктоочу салтанаттуу иш чараларды уюшкандыкта, коомдук тартипти камсыз кылуу менен өткөрүү боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыкты. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык Акыркы коңгуроо салтанаты мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, ата-энелердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен уюштурулуусу керек жана “Мектеп коопсуздук кызматы” түзүлүүсү зарыл.
Буйрукта балдардын өмүрүнө жана саламаттыгына кооптуу болгон ар кандай иш чараларды өткөрүүгө, акча топтоого, мектеп базасынан сырткары майрамдык салтанаттарды, бүтүрүү кечелерин уюштурууга жана жаратылышта эс алуу иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынат.
Окуучулардын автоунаа менен көчөлөрдө жүрүүсүнө, коомдук жайларда тартип бузуусуна жол берилбеши кажет.