Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат.
Ишкана күнүнө 8 тоннага чейин мөмө жемишти кайра иштетип, кургатып,таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Муниципалдык ишкананын курулушу, аймакта өндүрүлгөн өрүк жана алманы кайра иштетүү менен жергиликтүү багбандарга шарт түзүү,аймакты дотациядан чыгаруу максатын көздөйт.

Аталган ишкананы курууга Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган
500 млн сомдун эсебинен 22 млн сом ажыратылган.
Быйыл курулушу аяктоосу пландалган ишканада 10 адамга жумуш орду түзүлөт.
Ошондой эле Баткен районунун Дара айыл аймагында муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда.
500 тоннага эсептелген
логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 7 млн сом каралган.Өнөктөш катары КОЙКА уюму 10 млн сом салым кошкон.Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн.
Быйыл бүткөрүүсү пландалган ишкананын жыл соңунда эки муздаткычы ишке берилет.
Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы дыйкан чарба, айыл чарба кооперативдер дин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Муздаткычтуу кампа Дара айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу, кургатылбаган “ак өрүк”сортун жана кулпунайды сактоого зор өбөлгө болот дейт адистер.