"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Айыл чарба тармагын каржылоого жакшы көңүл бурулууда

Соц.тармактарда бөлүшүү

Абдыганы Жолдошев, Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:

 “Айыл чарба тармагын каржылоого жакшы көңүл бурулууда”

Жаз өтүп, күрдөөлдүү күз келди. Айыл чарба эксперттеринин маалыматтарына таянсак, быйылкы жыл айыл чарба кызматкерлери үчүн жемиштүү болду. Кадамжай райондук айыл чарба департаментинин башчысы Абдыганы Жолдошевдин маалыматтарына таянсак, кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 4,7 центнерге көп өндүрүлгөн. Мындан тышкары ирригациялык тармактарды жаңылоо, тамчылатып сугаруу жана үрөндөрдү жаңылоо багытында олуттуу иштер жасалган. Биз бул багытта Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү жана айыл чарба департаментинин башчысыАбдыганы Тагаев менен баарлаштык.

-Абдыганы Тагаевич, жөжөнү күздө сана дегендей айыл чарбасындагы жаңылыктар, натыйжалар жөнүндө сурайлы дегенбиз?

-Быйыл жыл жакшы келди. Дыйкандар дагы багбандар дагы жазды жайлата кылган эмгектеринин үзүрүн көрө баштады. Өткөн жылга салыштырмалуу айтсак, кылкандуу дан эгиндеринен 2023-жылы 26,9 центнерден түшүм алсак, бул көрсөткүч быйыл 30,9 центнерге жетти. Биз эң башкысы үрөндөргө өзгөчө көңүл бурдук. «Алексеевич», «Гурт», «Вокула» деген кылкандуу дан эгиндеринин эсебинен ушундай натыйжалар жаралды.

-Дан эгиндери демекчи күздүк эгиндерин себүүгө даярдыктар көрүлүп жаткандыр?

-Ооба, бошогон эгин аянттарын айдоо иштери кызуу жүрүүдө. Быйылкы планыбыз 1920 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин айдап себүү болсо, учурда 100 гектарга жакын жерлер айдалды. Ошого удаа эле кылкандуу дан эгиндеринин мол түшүм берүүчү жаңы сортторун алып келүү, дыйкандарды камсыз кылуу иштери менен алек болуудабыз. Буюрса, күйүүчү май, үрөн менен жетиштүү камсыздайбыз.

-Кадамжай шалы күрүч өстүрүү менен дагы белгилүү. Бул тармакта эмне жаңылыктарыңыз бар?

-Кечээ эле айтылуу Бүргөндү өрөөнүндө күрүч өстүрүүчүлөр менен биргеликте семинар кеңешме өткөрдүк. Жыл өткөн сайын шалы өстүрүүдө дагы ойдогудай жылыштар болууда. Күрүчтүн «Лазер», «Искендер» деген жакшы, башкача айтканда 90 центнерге чейин түшүм берүүчү сорттору жайылтылууда. Бул аталган күрүчтүн жаңы сортторун дыйкандар өздөрү жактырып жатышат. Ошондуктан Айылдык кеңеши кызматы менен биргеликте күрүч талааларында өткөрүлгөн семинарлар жакшы натыйжаларын берди.

-Быйыл айыл чарба тармагынын бардык түрү боюнча 100 пайыздан ашык түшүм жыйналды деген жагымдуу кабар айттыңыз. Мол түшүмдүн болушуна дыйкандардын аракетинен башка дагы кандай себептер болду?

– Эң негизгиси мамлекет тарабынан айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө каржылоого жакшы көңүл бурулууда. Муну адилеттүүлүк үчүн белгилеп коелу. Өзгөчө ирригация тармагына жетиштүү каражаттар бөлүнүүдө. Маселен Кожо-Кайыр каналын оңдоп-түзөөгө 245 млн., Р-1 каналына 155,6 млн., ал эми 15 скважинага өнүктүрүү фондунан акча каражаты каралып, алардын эсебинен түшүмдүүлүк мол болду. Кошумчалап койойун тамчылатып сугаруу иштери дагы биздин аймакта жакшы жолго коюлууда. Алдыда ирригация тармактарын жаңылоо, жаңыдан куруу жана дың жерлерди өздөштүрүү сыяктуу стратегиялык пландарыбыз бар. Баарынан мурда тынчтык болсо эле аймактар өнүгүүнүн туура жолуна түштү. Өзгөчө айыл чарбасы…

Адылбек Акматов, “Баткен таңы”

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version