"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Айыл чарба министрлиги күйдүргү малдан жукканын ырастады

Соц.тармактарда бөлүшүү

Буга чейин Санэпидкөзөмөл борбору Жалал-Абаддан келген аялдан күйдүргү аныкталганын айтып, оору малдан жугушу мүмкүн экенин билдирген.

Ветеринардык кызмат эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, күйдүргү табылды деген малдын үлгүсүн лабораториялык изилдөөгө берген. Анын болжолдуу жыйынтыгы терс чыгып жатканы айтылды. Лабораториялык изилдөөлөр улантылууда. Акыркы диагноз анын жыйынтыгы менен коюлат.

Министрлик союлган мал учурунда күйдүргүгө каршы эмделгенин белгиледи.

“Күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Мал арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок”, — деген ведомство.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version