Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы борбордук базарда пландан тышкаркы атайын өрт-тактикалык машыгуу өттү.
Машыгуунун жүрүшүндө ӨКМ кызматкерлери сатуучуларга, базар жетекчилигине өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Базар ээсине өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө шарт түзүп берүү талабы коюлду.
