"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“Айдан Фарма” заводу дарынын беш түрүн чыгара баштады

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бишкекте “Айдан Фарма” заводу дарынын беш түрүн чыгара баштады

Бишкектеги «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу дарынын 5 түрүн чыгара баштады: Алар парацетамол (суспензия жана таблетка түрүндө); ибупрофен (суспензия түрүндө); ацетилсалицил кислотасы (таблеткалар); ацикловир (таблеткалар).

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө ар бир дарыдан 10 миң таңгак чыгарууга мүмкүндүк берет.  Быйыл продукциянын ассортиментин 100 даанага чейин кеңейтүү, келечекте экспортко чыгаруу пландалууда.

Мекеме жергиликтүү өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу дары-дармектердин баасы кыйла арзан болорун белгиледи.

Белгиленгендей, учурда фармацевтикалык завод мамлекеттик ооруканаларды жана «Эл Аман» дарыкана тармагына этил спиртин жеткире баштады.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version