2024-жылдын 1-январынан тартып, өлкөдөгү облустук 12 гезит мамлекеттик колдоодон ажыратылып, жеке чарбалык эсепке өткөн. Бирок мунун кесепети облустук 3 гезитти такыр жоюуга алып келди. Алар: Нарын облусунун “Теңир Тоо” гезити, Ош облусундагы “Эхо Оша” жана Ысык-Көлдөгү “Вести Ысык-Куля” басмалары. Ушундай кыйчалыш убакта “облустук гезиттер кандай жашап жатат?”,-деген суроо менен Баткен облустук “Баткен таңы” гезитинин Башкы редактору Адылбек Акматовго бир канча суроолор менен кайрылдык. Анын үстүнө жакында аталган редакция гезиттин 25 жылдык мааракесин өткөрүү алдында турат.
– Адылбек мырза, саламатсызбы? Баткен облусунун “Баткен таңы” гезити түзүлүп, жарыкка чыга баштаганына 25 жыл болуптур. Жакында анын юбилейин өткөрө турган болуп жатыпсыздар. Ушул аралыкта гезит кандай окуяларды башынан өткөрдү?
– Саламатчылык. Билесиз да, Баткен облусу өзгөчө стратегиялык аймак. Бул жерде Тажикстандын 9 жана Өзбекстандын 6 район шаарлары менен чектешкен аймакта коопсуздук маселеси курч бойдон турат. Ал турсун биздин айрым чек ара аймактарындагы айылдарда Кыргыз радиосун укпаган айыларыбыз бар. Тескерисинче, тиги коңшу мамлекеттердин маалыматтык саясаттарын жүргүзүп турган ЖМКларынын толкундарын кармаган айылдарыбыз жок эмес.
Өзүңүзгө маалым болгондой, Баткен 1999-2000-жылдардагы, андан кийинки 2000-жылдардан кийинки 4 коогалаңды эске алганда – 4 жолу согуштук оор мезгилди баштан кечирди десек болот. Биз ушул окуялардын баарын гезитибиздин хронологиялык тартипте сактап, чыгарып келдик. Буйруса биздин гезитибиз кайсы бир жылдары 10-20 же миң жылдан кийин ар бир барагында калган хронологиялык маалыматтар биздин өлкө үчүн, келечек муун үчүн, илимпоздор үчүн алтын барак, алтын тамга болуп калат деп бөркүмдөй ишенем.
Туура, биз, ушул 25 жылдын аралыгында жеңил күндөрдү баштан кечирген жокпуз. Өзүңүзгө маалым болгондой, азыр гезитти эч ким окубай калды деп, райондук, облустук гезиттерди каржылоо токтотулган менен “Баткен таңы” гезити коомчулукка пайдалуу материалдарды жеткиргендигибиз үчүн жана жергиликтүү бийликтер менен жакындан иш алып барганыбыздын натыйжасында 5 миңге жакын тираж менен жарыкка чыгып атабыз. Анткени облустагы жалгыз гезитти маалымат таркатуудан башка дагы миссияларды аткарабыз. Мисалы, документ жоголуп кеткени, шайлоонун материалдарын чыгаруу, талапкерлерди таанытуу, шайлоо участокторунун чек ара тилкелерин дайындоо, кадрларды жумушка чакыруу жарыялары, акционерлердин чогулуштарынын протоколдорун чыгаруу сыяктуу жумуштар гезит аркылуу аткарылып турат. Ошондуктан, биздин гезит менен окурмандардын ортосундагы алака күчтүү десек болот.
Учурда өзүбүздү өзүбүз толук каржылап жатабыз. Азыр интернет заманында замандан артта калбаш үчүн он-лайн форматты да күчтөндүрүп жатабыз. Мисалы, фейсбукта 6 миңден ашык катталуучубуз бар. Жакында сайт ачып, ишке киргиздик. Анан жакынкы келечекте “Гезит ТВ” деген долбоорду ишке кигизебиз деп турабыз. Учурда тийиштүү аппараттарды сатып алдык, буйруса кадрларыбыз даярданып жатат. Ошентип гезиттин ТВ вариантын да ачып, гезитибиздин алдында маалымат таратуучу 4 платформа пайда болот. Ошентип, жашоонун ушул талаптарына ыңгайлашып өтүп атабыз. Бул деген коомчулукка да, өзүбүзгө да канчалык оор болгону менен пайда алып келет го деген ойдомун.
– Азыр басма сөзгө көңүл буруу төмөндөп, облустук гезиттер жеке чарбалык эсепке өтпөдүбү. Муну сөз эркиндигине колдоо болду деп түшүнсө болобу? Анткени мамлекеттик “акырынан жем жебей”, эркин ой жүгүртүп, эркин сүйлөөгө шарт түзүп берет деп түшүнсө болобу дегеним?..
– Бул маселени мен мындайча түшүндүрүп кетейин. Гезитти кандай жол менен болбосун сактап калуу үчүн өкмөт бизге көмөк көрсөтүш керек деген ойдомун. Эмнеге дегенде гезит – бул, маалымат таратуунун эң актуалдуу жана эң жакшы аянтчасы. Азыр интернет деген менен ал жерде ар кандай ушактар чыгып, сенсацияга жакын кабарларды чыгарышып, коомду бузуп кое тургандай маалыматтар чыгып атат. Ал эми гезитке чыгып аткан материалдар азыркы коомго да, келечек тарыхка да керектүү аналитикалык контенттер чыгып турат. Ошондуктан гезиттерди кармап калуу өкмөттүн алдындагы ыйык парз болуш керек деп ойлойм.
– Бирок суроо мындай болуп атат да, “мамлекеттин акырынан жем жегендер” коррупция, адам укугу же бийликтин кыңыр иштери тууралуу сөз кыла албайт, мамлекеттик жетекчилерди сындай албайт деген сыяктуу сөздөр буга чейин деле айтылып келген да. Ушул жерде “сөз эркиндиги” деген маселе көтөрүлүп жатат. Ушуга пикириңизди сурадым эле…
– Мүмкүн. Мындай да, бүгүнкү күндө сенсациялуу материалдарды бийлик өзү чыгарып атат. Мисалы азыр эле мен өзүм окуп отурам, жер мафиясы боюнча материал экен. Анда 11 миң гектар жерди сатып жиберген коррупциялашкан топ тууралуу маалымат берилиптир. Эмне үчүн биз мындайларды бере албайбыз? Анан Баткен аймагында болуп аткан коррупциялык иштерди өз ырааты менен берип атабыз. Бирок өтө эле сенсациялуу болбосо деле сын материалдар берилет. Анын ичинде Баткенге жетпей калган суу көйгөйүн, шаардык мэриянын алдындагы чуулгандуу окуяларды чыгарабыз. Балким биз, сиз айткандай, өтө чоң сенсация жараткан сындарга аяр мамиле кылып жаткандырбыз, бирок кандай болгон чакта дагы, сын материалдарды берип келебиз.
Мени башка маселе ойлондурат. Сиз айткан өңүттөн алып караганда, Министрлер Кабинетинин токтому менен биздин райондук гезиттерди жаап, облустук гезиттерди чарбалык эсепке өткөргөн күндөн тартып, биздин аймактык гезиттер кризиске бата баштады. Мына мисалы, Нарындын “Теңир Тоо” гезити өзүн жапты, Ысык-Көл менен Оштогу орус тилдүү гезиттер такыр жабылды. Мамлекет кандай гана кыйынчылык, акча тартыштыгы болбосун, маалыматты тараткан маанилүү ЖМК катары гезиттерди сактап калыш керек болчу. Дүйнөлүк практикада ушундай. Башка өнүккөн өлкөлөрдө гезиттер чыгып, өнүгүп атат. Ушул өңүттөн алып караганда, биздин аймактык гезиттер керек, алар бүгүн болбосо, эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү өзүнүн ордун табат деген чоң ишенимим бар.
– Азыркы облустук гезиттер пропаганда менен алектенбей эле турабы? Дегеле, пропаганда менен журналистиканын айырмасы барбы? Айтайын дегеним, “мамлекеттик гезиттерде адамды манипуляциялаган материалдар өмүр бою чыгып келатат”,-деген өңдүү кептер бар да. Мындай айтылган сөздөрдү сиз деле жакшы билесиз. Ушуга сиздин пикир кандай?
– Албетте, пропаганда менен журналистиканын айырмасы бар. Пропаганда деген үгүттөө дегенди түшүндүрөт да. Бирок биз өтө деле аша чаап кеткен жокпуз да. Эгер андай аша чаап кеткенде коомчулуктагы окурмандар деле өз пикирин айтышмак. Бүгүнкү күндө биз манипуляция кылгыдай материалдарды чыгарган жокпуз, биздин контенттерибиз коомчулуктун көңүлүнө жакпай калганда биз мынчалык кадыр-баркка жетип, мынчалык көп тираждуу гезит болбосок керек эле. Ошондуктан биз, коомчулук менен бийликтин ортосундагы орток мамилени дайыма сактаганга аракет кылабыз.
– Акыркы суроо болсун, гезиттердин, дегеле басма сөздүн келечеги кандай болот деп ойлойсуз? Азыр го көңүл бурулбай атат. Келечекте кандай болот? Кандай болуш керек?
– Ооба, азыр басма сөздүн абалы жакшы эмес. Эмнеге дегенде эң кыйын деген гезиттердин деле тагдырын көрүп атабыз го. Мына мисалы, көп тираждуу “Вереный Бишкек”, “Супер Инфо” гезиттеринин тагдырын көрүп атпайбызбы. Анын алдында биздин облустук гезиттердин редакцияларына жеңил эмес да. Ушуну эске алып, мамлекеттен колдоо күтөөр элем. Себеби, мамлекет өзүнүн келечеги үчүн басма сөздү сактап калыш керек деген ойдомун.
– Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Белеков.