"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Абайлаңыз! Кенелер ойгонду!

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кене энцефалити — борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Ал адамды майыптыкка жана өлүмгө да дуушар болот

Энцефалиттин белгилери:

▪️оорунун инкубациялык мөөнөтү бир күндөн 14 күнгө, кээде 60 күнгө чейин созулат

▪️энцефалитке чалдыккан учурда адам чыйрыгып, башы катуу ооруп, жүрөгү айланып, кусуп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт

▪️көбүнчө моюн жана ийин ооруксунуп, көкүрөк, бел жана кол-буттун булчуңдары ооруйт

Кенеден сактануу үчүн жаратылышта эс алууда түстүү кийим кийип, шымды өтүктүн ичине же байпакка кыстарып коюу зарыл. Ал эми үстүңкү кийимди шымдап алуу керек. Дененин ачык жерлерине курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем сүйкөп туруу зарыл.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version