Жаңы дайындоо

Соц.тармактарда бөлүшүү

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Токсонбаев Бактыбек Токсонбаевич дайындалды.
Тиешелүү тескемеге КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бактыбек Токсонбаев буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (Баткен облусу боюнча куратор) кызматында иштеп турган.
Ал эми КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Ташбалтаев Абдирашит Каримович дайындалды.
Тиешелүү тескемеге КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
А.Ташбалтаев буга чейин Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары кызматында иштеген.
Жаңы дайындалган жетекчилерди облустун активине Кыргыз Республикасынын Президентинин
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *