Ош шаарында уурулук фактысы киши өлтүрүү менен коштолду. Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, 19 жаштагы жигит үйгө уурулук максатында кирген учурда, үй ээси — 38 жаштагы аял аны байкап калган. Натыйжада шектүү аялды муунтуп, өлтүргөн.
Окуя болгон жерден ал аялга таандык унааны да айдап качып кеткен. Учурда шектүү кармалып, ага карата тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.