Талас районунда 2022-жылдагы чек ара жаңжалында каза болгон аскер Дастан Анарбековдун ысымында бала бакча ачылды. Мекеменин курулушу 2023-жылдын ноябрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан демилгеленип, демөөрчүлүк жардам да
көрсөтүлдү. Бала бакча 200 орунга ылайыкталган.
Эске салсак, Талас районунун 21 жаштагы тургуну Дастан Анарбеков болуп, кыргыз-тажик чек ара чырында Баткендеги Достук айылын коргоп каза болгон.