Камчыбек Ташив Тажикстандын Кыргызстандагы Кайрагач анклавы жоюларын айтты

Соц.тармактарда бөлүшүү

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек араны такташуу процесси боюнча Кайрагач анклавынын жоюлушун жана жер алмашуу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Лейлек районунан Тажикстанга 190 гектар жер берилген, анын ордуна 190 гектар жер алынган.

Ал жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Тажикстандын Кайрагач участогунан Кыргызстанга 155 гектар жер жана Кайрагач анклавынын 35 гектар жери алынган (анклав жоюлду).

Кыргыз тарап коңшу мамлекетке берген 190 гектар жер төмөнкү участкалардан алынган:

Саада участогунан 21 гектар

Раззаков участогунан 23,5 гектар

Селкан участогунан 4 гектар

Майты участогунан 7 гектар

Пролетарский участогунан 12,5 гектар

Улак-Жай участогунан 17 гектар

Ак-Арык участогунан 7 гектар

Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 гектар

Майты участогунан 35 гектар (Кайрагач анклавынын ордуна)

Ташиев ошондой эле “Сельхан каналынын ылдый жагындагы майда-чүйдө 2, 3, 5, 9 гектар жерлерди да берип, биздин жерде турган чоң жерлерин алмашып алдык” деп кошумчалады.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *