ОБЛУСТАГЫ 9 АЙЫЛ ӨКМӨТКӨ ЖҮК ТАШУУЧУ АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР БЕРИЛДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусундагы тогуз айыл өкмөткө оор техникалар жана жеңил жүк ташуучу уналар тапшырылды. Алар 43 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн берилди. Министрлер кабинети менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылды.
Алар:
– Кадамжай районунун Майдан, Уч-Коргон, Масалиев, Молдо-Нияз жана Исхак-Полотхан айыл аймактарынын;
– Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын;
– Лейлек районунун Сумбула жана Кең-Талаа айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө
Техникалар Баткен облусунун ушул долбоорго кирген айылдардагы таза суу муниципалдык ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана курулган суу системаларынын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында берилди.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *