БЕЛГИЛҮҮ КАРДИОЛОГДОРДУН ДЕН СООЛУК КЕРБЕНИ ЛЕЙЛЕКТЕ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстандын эң алыскы аймагы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын тургундары белгилүү кардиолог Ишенбай Молдоташев, өлкөнүн башкы артимиолог дарыгери, кардио-хирург PhD доктору Дамир Осмонов жана кардиолог Асан Назаров жетектеген дасыккан дарыгерлердин кароосунан өтүштү.
Сактансаң сактайт дегендей, кыргыз эли ооруп калмайынча дарыгерге кайрылбай турган адатта. Кардиолог дарыгер Дамир Осмонов өзүнүн чакан тобу менен Тажикстан менен чектешкен аймактагы жарандарга ден-соолукка кам көрүү, жүрөк ооруларынын алдын алуу боюнча маанилүү кеңештерин берди.
Кыргызстан деңиз деңгээлинен бийик болгон тоолуу аймак болгондуктан, жүрөк жана кан-тамыр ооруларынан каза болгондордун статистикасы да белгилүү болду. Ошол эле учурда оорулардын саны көбөйүп, алар жашарып жатканы да байкалууда. Анын үстүнө айрым дарыгерлер бейтаптарга стенд коюп бизнес жасагандар да бар.
Мындай учурларда оорунун алдын алуу маанилүү. Белгилүү кардиологтор инсульт жана инфаркттын алдын алуу ыкмаларын, жасалма интеллект аппараттары менен аныктап, 1500дөн ашык бейтапты кароодон өткөрүп, диагноздун тактыгын 85 пайызга жакын көрсөткөнгө жетишти.
Дамир Осмонов баштаган дарыгерлер тобу Бишкектеги каарылар үйүндө 250 адамды, Чүй облусунун Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында 200 адамды, Таластагы Жер-Үй алтын кени аймагында 500 адамды, Ысык-Көлдүн Кең-Суу айылында 260 адамды медициналык кароодон өткөрүшкөн.
Кулунду айыл аймагынын тургундары өздөрүнүн ден-соолуктарын текшертип, пайдалуу кеңештерди алышты. Алар белгилешкендей, алыскы Ош же Бишкекке барганга караганда, өз жерибизде дасыккан дарыгерлердин кароосунан өтүү андан да пайдалуу болду.
Инфаркт жана инсульттун алдын алуу менен бирге, эл аралап жүргөн кардиологтор профилактикалык иштерди жүргүзүп, дарылоо жана илимий изилдөөлөрдү да жүргүзүшүүдө. Алардын илимий иштеринин жыйынтыктары англис тилинде чыгаруучу белгилүү журналдарга жарыяланат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *