Баткенде жазгы себүүгө даярдык башталды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кезектеги аппараттык кеңешме жыйыны өткөрүлдү.
Кеңешмеде Баткен районунун аймагында жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү, азык түлүк коопсуздугун камсыздоо, жазгы талаа жумуштарын жана жазгы себүүнү өз убагында уюштуруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, райондун азык- түлүк коопсуздугун камсыздоо жактары айтылды.
Жыйында район акими жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү менен аймактагы каналдарды, ички арыктарды тазалоо, 2025-жылдын вегетация мезгилине даярдыктарды көрүү тапшырмасын берди.

Азык – түлүк жарманкелери уюштурулууда

Азык түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш тиричиликке зарыл болгон негизги азык түлүк продукцияларын калкка арзан баада алуусуна шарт түзүү максатында айыл чарба жарманкелери уюштурулууда. Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылында жарманке уюштурулду.
Анда тийиштүү өкүлдөр тарабынан элдерге эт, суу май, кум шекер жана башка ушул сыяктуу күндөлүк керектелүүчү азыктар күндөгүдөн арзан баада сатылып, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өткөрүлүп жаткан жарманкеден Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жеринен барып кабар алып, азык түлүктөрдүн баалары менен таанышып, сатуучуларга жана алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мал жандыктарына керектелүүчү тоюттарды арзан баада сатууга чакырып өттү.

Мындай жарманкелер Баткен районунун бардык айыл өкмөттөрүндө уюштурулуп өткөрүлөөрү айтылды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *