“Раззаков шаарына 30 коомдук видео көзөмөл орнотулат”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кожобек Козубаев, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы:

“Раззаков шаарына 30 коомдук видео көзөмөл орнотулат”

 

Мыкты жетекчинин ийгилиги аткарган ишинен көрүнөт эмеспи. Кожобек Козубаев Лейлек районунун ички иштер бөлүмүн жетектегенден берки эки жыл аралыгында көп өзгөрүүлөрдү жасады. Кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнөн тарта, район-шаарлардагы коомдук коопсуздуктун алдын алуудагы башкаларга өрнөк болоорлук тажрыйбаларынын натыйжасында кылмыштуулуктун да саны кыскарган.
Коомчулук менен милициянын биримдигин бекемдөө, мектеп окуучуларынын арасындагы рекетчиликти жоюу, зордук-зомбулуктун алдын алуу, айтор, милициянын милдетине кирген ар бир жумушка кылдат карап, ийгиликтүү натыйжа жараткан жаш жетекчи жөнүндө Лейлекте да жакшы пикирлер айтылууда. Биз бул багытта жолдун алыстыгына карабастан, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кожобек Ганиевичке атайын барып, баарлаштык.

 

-Кожобек Ганиевич, жумушуңуздун көп экендигине карабастан, атайын убактыңызды бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Раззаков шаарын коопсуз шаарга айландырып жатыпсыз. Кепти ушул жерден баштайлычы?

Буюрса, жылдын биринчи чейрек ичинде Раззаков шаарына 32 видео көзөмөл орнотолу деп турабыз. Бул маселе жакында шаардык кеңештин сессиясында каралып, каражаттары дээрлик чечилди. Видео көзөмөлдөрдү шаарга орнотолу деген максатты мен бул жакка кызматка келгенден бери эле ойлоп жүргөн болчумун. Алдын ала шаардын мэри менен сүйлөшүп, шаардык кеңештин сессиясына сунуштадым. Натыйжасы жаман болгон жок. Депутаттардын бардыгы колдошту. Буюрса, эми Раззаков шаары коопсуз тынч калаага айланат. Мындай дегеним, биздин шаар көп этностуу райондун борбору болгондуктан, бардык айылдардан күндөлүк муктаждыктарга байланыштуу жарандар келишет. Алардын коопсуздугун сактоодо же тескерисинче кылмышкерлердин изин суутпай кармоодо видео көзөмөлдөрдүн орду чоң эмеспи.

-Лейлек Тажикстандын алты район шаарлары менен чектешкен өзгөчө стратегиялык аймак экендигин жакшы билебиз. Коомдук абал кандай?

Туура, биз Тажикстан менен чектеш аймакта турабыз. Кырдаал тынч. Коомдук коопсуздуктун алдын алуу боюнча ар дайым ыкчам чараларды көрүп, коңушу өлкөдөгү кесиптештерибиз менен биргеликте рейддерди өткөрөбүз. Чек ара тилкелериндеги жагдайлар боюнча күн сайын тынбай сүйлөшүп турабыз. Ал турсун, коңушу райондун милиция кызматкерлери менен спорттук иш чараларды да өткөрүүнү салтка айландырдык. Жыйынтыгында, бири-бирибизди жакшы таанып, кылмыштын изин суутпай кармоодо жакшы натыйжаларды берип жатат. Өзгөчө мал уурулук боюнча бир канча жолу уюшкан ууруларды кармадык. Эң башкысы ушундай эки тараптуу кызматташтыктын натыйжасында өткөн жылы чек арада бир дагы чыр – чатак катталган жок.

Чек ара демекчи чек арадагы кызматкерлер кандай шартта иштеп жатышат?

Албетте, алар жогорулатылган эмгек акылар менен иштешет. Мыкты шарттар министрибиз милициянын генерал-лейтенанты Ниязбеков Улан Омокановичтин колдоосу менен түзүлгөн. Быйылкы жылдын өзүндө эле чек ара аймактарына үч милициянын аймактык пункттарын курулуп, пайдаланууга берилди. Алар Ак-Босого, Булак-Башы жана Тажикстан менен чектеш алыскы тоолуу Көк-Таш айылдарында кызмат өтөп жатышкан биздин милиция кызматкерлеринин иштөөсү үчүн мыкты шарт түзүлдү десем болот.

-Өздүк курам үчүн көп кабаттуу 32 батирлүү милиция кызматкерлерине турак-жай курулууда. Бул дагы чек ара аймагында кызмат өтөгөндөр үчүн жакшы жаңылык экен…

-Буюрса, милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан жаңы батирлер пайдаланууга берилет. Мындай шарт мурда такыр болгон эмес. Туш тараптан келип коомдун коопсуздугун сактаган милиция кызматкерлери ижара төлөшүп, жеке адамдардын үйлөрүндө жашашчу. Эми алар үчүн бардык шарттары бар заманбап кызматтык үй пайдаланууга берилет. Ошол эле жердеги таштанды ташталган аянтчаны тазалап, сүрдүрүп, спорт аянтчасын да кошо куруп жатабыз. Кечээ эле, Раззаков шаарынын мэри Адилбек Суюнбаевич менен барып көрүп келдик. Эл үчүн да, биз үчүн да жакшы шарт түзүлүп, коомчулук менен элдин биримдиги бекемделет. Кошумча айтып кетейин ички иштер бөлүмүнүн имаратын да оңдоп түзөөдөн өткөрдүк. Кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрүн санын көбөйтүк. Суу чыгардык, айланасын бак-дарак жана гүлдөрдү өстүрүп, жалпы кызматкерлерибиздин да жакшы иштөөсү үчүн шарт түздүк.
Жогорудагы милиция кызматкерлерибиз үчүн түзүлүп жаткан заманбап шарттардын баары министрибиз милициянын генерал-лейтенанты, Ниязбеков Улан Омокановичтин республикабыздын алыскы чек ара аймактарында эмгектенип жатышкан ички иштер кызматкерлерин жакшы колдоп көмөктөшүп жаткандыгын билдирем.
Адылбек Акматов, Лейлек району


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *