20 кВттык күн панелдерин орнотуу иштери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытайдын “Sun Energy Co” компаниясынын кызматташуусунун алкагында ишке ашты.
Бул демилге экологиялык таза энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө жана мамлекеттик мекемелердин электр энергиясына болгон чыгымдарын азайтууга багытталган. Күн панелдеринин орнотулушу энергияны үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга өбөлгө түзөт.
Жергиликтүү бийлик мындай долбоорлорду мындан ары да колдоп, башка социалдык мекемелерди да альтернативдүү энергия булактарына өткөрүү боюнча иштерди улантат.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 12-октябрында Баткен шаарында өткөрүлгөн “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” Эл аралык инвестициялык форумунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен “Сан Энерджи Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда энергетика тармагында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.
Мындан сырткары алдыда “Сан Энерджи Ко” ЖЧКсы тарбынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында 669,3 га жер тилкесине күн электр станциясын курулат. Долбоордун кубаттуулугу 250 МВт, инвестициянын суммасы 230 млн АКШ долларын түзөт.
Бул иш аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” 2023-жылдын 23-мартындагы №62 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №706-т тескемесин ишке ашыруунун алкагында жасалууда.






